Бишкек шаарынын мусулмандар казысы болуп Замир каары Ракиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомшев кол койду. Замир каары Ракиев 1978-жылдын 15-февралында Нарын облусунун Кочкор района караштуу Шамшы айылында төрөлгөн.

БИЛИМИ: 1986-1995-жж Орто мектеп.

1995 – 1999-жж Бишкек борбордук мечити, Куран жаттоо медресеси. 1999 – 2000-жж Египет мамлекети,

“Университетке даярдоо курсу ” 2000 – 2003-жж Аль Азхар Ислам институту.

2003 – 2007-жж Аль Азхар Ислам университети, «Дин негиздери» 2008 – 2010-жж Бишкек гуманитардык университети «Чыгыш таануу-Магистр»

ЭМГЕК ТАЖРЫЙБАСЫ ЖАНА ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:

2007-2008-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде мугалим.

2008 -2010-жж Чүй облусунун Аламүдүн району, «Абу Бакр Сыддык» медресесинде директор. 2010 – 2011-жж Нарын облусунун казысы. 2011 -2016-жж Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.

2016- 2017-жж Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.

2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары болуп эмгектенип келген.

Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү , 1 уул, 2 кыздын атасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here