Бакыт Төрөбаев жана анын партиясы «Өнүгүү-Прогесс» бул жолу шайлоого катышпай турганын Төрөбаев өзү соц баракчасына жазып чыкты. Ал пикирин мындайча билдирди:

«Алдыдагы шайлоо боюнча.
Чындыгын айтканда, учурдагы пандемияга байланыштуу мен парламенттик шайлоого сарптала турган акча каражатты элге, медицина жана билим берүү тармактарына, жеке ишкерлерди өстүрүү жана өсүп келе жаткан жаш уул-кыздардын аң-сезимин жакшы жака өзгөртүү боюнча иш чараларга жумшайын деп чечтим. Чындыгында бул шайлоодо акча каражаттын атаандаштыгы болот, акча каражат көп кетет. Ошондуктан, бул шайлоого мен жеке өзүм катышпайм. Элди алдап парламентке келүү менин мүнөзүмө туура келбейт. Бирок, биз саясий процесстерде өз үнүбүздү угузганга, өкмөттүн, бийликтин кылган иштерине жардам берип, туура эмес болгон жерде сын айтып, ошону менен иш алып барабыз.
» — деп жазды.

Албетте Төрөбаев бул жерде өзүн укмуш таза адамдай элестетип жазып койгон. кыялданып. Буга чейин элди алдап эле ар кандай ишке ашпаган убадалар менен 3 жолу депутат болду. Бакиевдин мезгилинде министр болду. «Ак жолдо» депутат болуп турганда кыргыздын кымбат жери Каркыраны казактарга кармата бергендердин бири катар атын кара тамга менен тарых барагына жазды. Анан элди алдабаганы ушулбу? Төрөбаев өз партиясынан жана өзүнөн эл тажап, көргүсү келбей калганын убагында түшүнүп жатат окшойт. Башкалар бул маселени эрте да түшүнсүн… Балким, Төрөбаев өкмөт жактан бир «майлуу» кызмат эӊсеп жаткандыр… Айтор, баарын убакыт көрсөтөт…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here