Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат (ЖАМК) №1 колониянын медициналык-санитардык бөлүмүнүн башчысы баңгизат киргизүүгө аракет кылган учурда кармалганын 7-августта билдирди.

Маалыматка караганда, жетекчинин баштыгын текшерүү учурунда 2 килограмм 975 грамм баңгизат алынган.

Окуя 7-августта эртең менен болгон. Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, ЖАМКнын Тергөө бөлүмү иликтөө-тергөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here