Кайрымдуу жарандар! Сиздерге кайрылуубуздун себеби: Кырсык, онтогон оору айттырбай келет экен. Биздин берешен, жоомарт элибиздин мээримине жардамына муктаж болгон Нарын шаарынын тургуну 1988-ж. туулган Кадыралиева Алтынай, болгону 32 жашта…Турмуштагы ырайымсыз оор тагдыры жетишпеген жашоосу, 2018-жылы каза болгон жалгыз бир тууган эжесинин кайгысы, өмүр бою майыптыкка чыккан апасы экөөнүн түйшүгү. Баардыгы кошул-ташыл болуп олтуруп, Алтынай депрессиядан улам башына кан куюлуп…оор абалда ооруканага жеткирилген. Бирок жалаӊ боорукер-кайрымдуу адамдардын жардамы менен толук айыкпаса дагы азыраак басып баштады. Бирок оӊ ыптасы иштебейт. Алтынайдын атасы 7 жашында каза болгон. Азыркы кезде, даарылануу реабилитацияга, тамак-аш менен камсыз болгонго Алтынайдын тагдырына кайдыгер болбогон адамдардан жардам сурайт. Реабилитациялык борбордон дарыланууга абдан муктаж, Келиӊиздер, колунуздардан келген жардамыныздарды аябай жүрөктөн чыккан сумманы төмөндөгү электрондук капчыкка салсаӊыздар болот. Коллегасы жана курбусу Абдыбекова Уларкулдун наамында ачылган *Элсом* 0707890309.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here