​КР ӨКМнин министри З.Аскаровдун буйругунун негизинде жана бийик тоолуу көлдөрдүн жырылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында, 2020-жылдын 4-августунан Кыргызгидрометтин жана ӨКМнин кызматкерлери менен биргеликте Чүй жана Ош облусу боюнча жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө изилдөө иштери жүзгүзүлүүдө.
​Бүгүнкү күндө: Чүй облусунун Сокулук району боюнча 4 көл, Панфилов району боюнча 3көл жана Ош облусунун Ноокат району боюнча 5 көл изилденди. Нөлдук изотерма бүгүнкү күндө деңиз деңгээлинен 4148 м. бийиктикте болууда. Быйыл нөлдүк изотерманын төмөн болгондугуна байланыштуу көлдөрдөгү суунун деңгээли былтыркыга салыштырмалуу төмөнүрөөк жана азыркы учурда изилденген жырылып кетүү коркунучу бар көлдөрдүн абалы стабилдүү.

Кыргызгидрометтин басма сөз кызматы

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here