Дүйнө жүзү жашылдандыруу аркылуу экологияны сактап, экономиканы өстүрүү жолуна түшүүдө. Кыргызстанда дагы бул маселенин тегерегинде көп сөздөр айтылып, аны мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууга багыт алганыбыз менен көзгө көрүнө турган натыйжа жок. Социалдык тармактарда жашылдандыруу саясатын пропаганда кылып, эл кыдырып “бак даават” уюштуруп жүргөн биздин маектешибиз Абдулла Ташиев биздин суроолорго жооп берди.

—“Бак даават” деген эмнеден улам келип чыкты?
—2015-жылдан бери ушул “бак дааватты” жүргүзүп келебиз. Башкача айтканда адамдарды бак отургузууга үндөө, чакыруу. Бул иштерди төрт жыл убакыттан бери социалдык тармактар аркылуу жүрүүдө. Андан тышкары айылдарды кыдырып, бак-дарактарды отургузуунун пайдасы, аны туура асыроо, түшүм алуу ж.б. багыттарда семинар, лекцияларды өткөзүп, тажрыйба менен бөлүшөбүз. Бул терминдин келип чыгышы, ошол айылдарды кыдырабыз дегенде эл арасынан “силер эмнелерди айтып бересиңер?” дешчү. Бак отургузуу боюнча даават кылабыз деп, ошондон улам “бак даават” деп коомчулукка жайылып кетти.
Сиз жашылдандыруу менен экономиканы көтөрүп, экологияны да сактаса боло турганын белгилеп келесиз. Кандай жолдор менен ишке ашырса болот?
—Бул үчүн комплекстүү көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгы бар. Алсак, өлкөдө ирригация жаатында көйгөйлөр көп орун алган. Мындан тышкары жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, алардын продукциясын экспортко чыгуусуна мүмкүнчүлүк түзүү зарылдыгы бар. Баарыбызга белгилүү болгондой Баткендин өрүгү, Ысык-Көлдүн алмасы, Жалал-Абаддын жаңгагы ж.б. бренд болуп калган. Учурда буларды экспорттоо менен пайда алып жатканыбыз менен ал жетишсиз. Ошону эле масштабдуу кылып, бош жаткан жерлерибизге мөмө-бере турган бак-дарактарды, бадалдарды отургуза турган болсок, пайдалуу экени көрүнүп эле турат. Муну ишке ашыруу жолдору деле анча оор эмес. Суу көйгөйүн тамчылатып сугаруу аркылуу чечсе болот. Ушул жерден “анда эмнеге ишке ашпай жатат?” деген суроо пайда болушу ыктымал. Кептин баары ошондо. Азыр биздин малдар талаага жайылып, күздөө, кыштоо, жайлоодо багылат. Ал эми бак-дарактарды отургузгусу келген жарандарыбыз ошол мал-жандыктар зыянга учуратып коюусунан кооптонуп, бак отургузушпайт. Бул көйгөйдү малды фермаларга багуу жолуна салып, чечсе болот. Эгерде мал-жандык фермаларда багыла турган болсо, бак-дарактарды отургузууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчи жагынан бүгүнкү күндө араң жан болуп калган жайыттардын абалын жакшыртат. Көрдүңүздөрбү, экономиканы ойлоо менен экологияны дагы сактоо жолу каралууда. Мындан тышкары отун катары, жыгач катары пайдасы эбегейсиз. Ошол эле ширенке, тиш чукугучтан баштап, курулушка чейин жыгач колдонулат. Жок эле дегенде ошолорго сырье даярдап койсок, бул пайда эмеспи?
Андан тышкары бүгүнкү күндө абанын булгануусу дүйнөлүк көйгөйгө айланып, өнүккөн өлкөлөр бул көйгөй менен күрөшүүгө абдан көп каражаттарды жумшап жатышат. Абанын булгануусун чечүүнүн эки жолу бар. Биринчиси абаны булгаган өндүрүштү, автоунааны ж.б. ушул сыяктуу нерселерди токтотуу. Экинчиси жашылдандыруу. Жашылдандыруудан улам абадагы көмүртекти соруп алып, кычкылтекти чыгаргандан тышкары жер кыртышын сактоого да пайдалуу. Айтор жашылдандыруунун пайдасы абдан көп, ишке ашыруу гана керек.
Кыргызстанда суунун жоктугунан дың жерлер иштетилбей жатат. Кечээки эсил кайран СССР өздөштүрүп келген жерлер да каӊгырап өздөштүрүлбөй калды. Азыр заман башка, жаңы технологиялардын артына куусаң, жетпейсиң. Санарип менен иштөөнү элге үйрөтүп, мамлекет жардам кылуусу зарыл. Анан бош, иштетилбей жаткан жерлерди иштетем дегендерге берсин. Алар ошол жерди иштетип, бала-чакасын багат, өз жашоосун жакшыртат, мамлекетке салыгын төлөйт. Бул тармакта өсүү болсо, экономика өнүгөт.
—Өлкөдө бак отургузуу боюнча иш чаралар көп жүргүзүлөт, бирок натыйжасы көзгө көрүнбөгөн сыяктуу. Буга эмне себеп?
Ооба, биздин олкөдө бак отургузуу боюнча жакшы саамалаык бар. Жазында ишембиликтерде окуучулар, студенттер, мамлекеттик ишкерлер айтор өлкөбүздүн кайдыгер эмес жараандары бак отургузуп эле келе жатышат. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен дагы чоң каражаттар бөлүнөт. Айрыкча шайлоо же ушул сыяктуу өнөктүк башталып калса, кооз урандар айтылып, таштандылар тазаланып, бактар отургузулуп калып жатканына күбө болуп эле жүрөбүз. Анын баары өсүп чыкканда Кыргызстан “Жунгли” болуп калмак. Тилекке каршы, отургузулган бак-дарактар каралбай, миңдин бири өсүп чыккан жагдай келип чыгууда. Анткени отургузулган бак-дарактар каралбай калып кетет. Кыргызда туулганына эмес, турганына сүйүн деген сөз бар. Анын сыңары бакты тиге эле бербестен, аны асыроо жагын дагы жолго салышыбыз керек. Бекеринен көчөттүн атасы коргон, энеси суу деп айтылбайт да. Кургаган көчөттүн жоопкерчилигин эч ким албай, ага акимди же айыл өкмөттү күнөөлөп коюшат. Алар күнөлүү эмес, куурап калаары билип туруп тиккен система күнөөлү. Ошол эле көчөт отургузууга бөлүнгөн каражаттарга дыйкандарга көчөт алып берип, суу чыгарып берсе натыйжа алда-канча жакшы болот эле.
—Биздин климаттык шартка ылайык көбүнчө кайсы жемиш бактарын өстүрүүгө басым жасап, сунуштайсыз?
—Биздин климатка кокон гилас, өрүк, алчаны көп отургузсак болот. Алардан кыям, сок, шире иштеткенге жакшы. Негизи биздин климатка тропикалык өсүмдүктөр жана дагы саналуу эле өсүмдүктөр өспөгөнү болбосо, көптөгөн өсүмдүктөр бар. Ошол эле кожогат, алма, бийалма, карагат өстүрүш керек.
—Багбанчылык ата кесибиби же атайын агрономдукту окугансызбы?
—Өзүм кесибибим боюнча менеджермин. Ал эми багбанчылыкка кызыгам.
—Сөөлжан багуу менен байыса болот деген чакырык жасап каласыз. Бул бизнес чындап эле кирешелүүбү?
—Албетте сөөлжан багуу менен байыса болот. Биринчиден сөөлжан бат көбөйөт. Экинчиден бул чыгаша талап кылбайт. Эмнеге дегенде кадимки малдын кыгына багуу мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми аны балык чарбаларга, тоок фермаларда азык катыр колдонсо болот. Мындан тышкары элибиз акыркы 30 жылдан бери химикаттар менен өндүрүлгөн продукциядан “ууланууда”. Ал эми бул экологиялык таза жер семирткичтин оордун басат. Таза биогумус колдонуу менен ден солукка да кам көрүүлөт. Эгерде ден соолук баа жеткис байлык экенин эске алсак, пайдасы түшүнүктүү эле го. Албетте, жердин семиздиги түшүмдү кыйла жогорулатарын баарыбыз билебиз. Бул иш каалаган адамдын колуна келет жана көп чыгымга учуратпайт.

   Багыт.кж

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here