Россиянын Ингушетия Республикасынын Назран районундагы антитеррордук операция учурунда эркин күрөш боюнча Кыргызстандын атынан чыгып, Азия чемпиону болгон  Муслим Евлоев атып өлтүрүлдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты. Ал болгону 25 жашта болчу. Маалыматта: 7-августка караган түнү Муслим Евлоевдин үйүнө коопсуздук күчтөрү террордук кылмыштарды жасоого ниеттенген куралчан адамдар бар болушу мүмкүн деп барышкан. Жыйынтыгында атышуу болуп, Евлоев өлтүрүлгөн. Азырынча окуянын чоо-жайы толук жарыялана элек. Анын үйүнөн тапанча жана жардыруучу заттар чыккан айтылууда

Маркум Евлоев эл аралык даражадагы спорт чебери, ошондой эле 2015-жылдан бери күрөш боюнча Кыргыз улуттук курамасынын катарында болчу.  Ал Баку шаарында өткөн Ислам тилектештик оюндарында жана Стамбул шаарында өткөн «Яшор Догу» эл аралык турниринде жеңишти камсыздаган. Евлоев 2017-жылы Индияда өткөн күрөш боюнча Азия чемпионатында күмүш медал тагынган. 2018-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпионатында алтын татып, чемпион болгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here