Ден соолук…

—Эрнис мырза,  бул кооптуу вирусту жок кылууга сиздер да чоӊ салым кошуп жатасыздар…

—Азыр эми вируска байланыштуу биздин борборго анчалык зарылчылык жок келүүнүн кереги жок деп айтып жатабыз. Мисалы, бир күндө 100 адам кайрылса, ошонун жарымы алыскы айылдардан келген болот. Эми ошол эле алыскы жер-жерлерде ооруканалар бар да. Биринчи кезекте ошол ооруканаларга кайрылып, анализин так чыгарып, оору аныкталды дегенден кийин келишсе жакшы болот. Көпчүлүгү чала текшерилип алып, бизге келишет. Жыйынтыгында аларда онкологиялык оорулар жок болуп чыгат. Ушундайлар көп эле болуп жатат.

—Рак экен десе коронавирусту унутуп калып, бул жерге чуркап келгендер да көп да…

—Ооба, ошондой учурлар да көп эле. Азыр коронавирустан сактанбагандар көп. Көчөнү караӊыздар, элдин 60-70 пайызы маска тагынган жок. Куран окутмай, куда тосмой, ар кандай той-топур бермейди да токтото албай жатабыз. Мындай оор учурда, түшүнүү менен карап, ар бир адам коркунучтуу вирусту жеӊүүгө өз салымын кошушу зарыл. Ооруканага келүүнүн да маданиятын мындай кыйын учурда сактабагандар да абдан көп болууда. Тууганы ооруп калса, бир эмес, чогулуп алып 5-6 тууганы келет. Операция болуп жатканда 20-30 тууганы күтүп турушат. Киребиз деп да жарданып турат. Мунун баары туура эмес. Тууган деген кыйын түшүнөбүз. Бирок алар киргенде, баары келгенде эмне кылышат? Андан көрө башкача жардам беришсин! Ушул маселени да эске алышса жакшы болот эле.

 Биз ушундай кырдаалдан улам, азыр башкача шартта иштеп баштадык. Анын үстүнө жайкы эс алуу өргүүлөрү да башталды. Биз дарыгерлерибиздин жарымын эс алууга кетирдик. Алар келгенде, жарымы кетишет. Ким ооруп калса, жумушка келбесин деп өзүбүз дагы катуу көзөмөл кылып жатабыз. Эми онкологиялык оору деген вируска, карантинге деле карабайт да. Күтпөйт. Ошон үчүн зарыл болгон операцияларды жасап эле жатабыз.  Нур, химия  менен дарылоолор улантылып жатат. Бирок онкологиялык оорулардын түрлөрү бар да. Мисалы, ден соолукка анчалык коркунучтуу  эмес деп эсептелген (доброкачественная опухоль) шишик ооруларына азырынча операцияны токтотуп жатабыз. Буюрса, коронавирус азайган соӊ, улантабыз.

—Мединцина кызматкерлерине Өкмөт кошумча айлык акыны убагында төлөп берип жатабы?

—Ооба. Биз кошумча айлык акыны төлөп берип жатабыз. Бул  суроо боюнча бизде маселе жок.

—Медициналык жабдыктар жетиштүүбү?

—Кудай буюрса, жетиштүү деп айтсак болот. Бүгүнкү  күндө биз дем алдыра турган 5 аппарат алып жатабыз. Бизде буга чейин эле андай аппараттар  бар болчу. Дагы толуктап алып күчтөп жатабыз.  Жалпы коомчулукка  маалым. Кумтөрдө алтыныбызды казып жаткан канадалык компания бизге жардам катары 7 млн. доллар которгон. Ошол каражатка биз абдан көп медициналык жабдыктарды алып жатабыз. Компютердик томографиялар, санарип ренгтен аппараты, ультура үндүү аппараттар ж.б. Ашказанды, өпкөнү, жоон ичегилерди көрө турган абдан уникалдуу эндоскопиялык аппаратты Япониядан алып жатабыз. Вирустан улам кечигип калды. Буюрса, бир жуманын аралыгында келип калат. Булардан тышкары, “Линейный ускаритель” деген кымбат баалуу аппарат үчүн өзүбүздүн борборго  эки бункердин курулушу башталды. Анын курулушун туура жүргүзүү үчүн Россиядан атайын адистер байкоо салып, көрсөтүшөт. Дагы наркоз жана дем алдыруу боюнча 11 аппарат алмакпыз. Карантинден улам кечигип жатат. Чектөөлөрдөн улам бир аз кармалып турат. Буюрса, жакында колубузга тийип калат.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча онкологиялык оорулардын статистикасы кандай?

—Кыргызстанда бир топ жылдан бери онкологиялык оорулар менен катталган адамдардын саны 25 миӊдин тегерегинде. Акыркы жылдары деле ушул көрсөткүчтө турат. Андан ашып  өсүп кеткен жок. Бизди кыйнаганы онкологиялык оорулардын өтүшүп кеткени болот. Алардын саны 60 пайызга жетет. Мына ошолорду дарылоо биз үчүн абдан кыйын. Чынында мындай оорусу өтүшүп кеткендерге Кудай дагы, медицина дагы жардам бере албайт. Негизи коомчулукта рак оорусуна чалдыгыптыр десе эле, көпчүлүктүн  үрөйү учуп, абдан коркуп, өздөрүн таштап коёт. Бул такыр туура эмес. Рак оорусуна кабылганы дароо билинсе, учурунда дарыгерлерге кайрылса, аны 100 пайыз дарылоого болот. Бизде болсо өзүӊ билесиӊ, көптөр  кенебей жүрүп, качан оорлошуп, күчөп кеткенде кайрылышат. Бизде онкологиялык оорулар менен ооруп жаткан жаш балдар да аз эмес. Жылына 400дөй бала дарыланышат.

—Эӊ көп катталганы кандай түрү?

—Биринчи орунда аялдардын эмчек рагы. Мисалы, 100 аял ооруса, ошонун 19у ушул оору. Экинчи ашказан рагы, үчүнчү орунда өпкөнүн рагы. Адамдын өмүрүн көбүрөөк алган – бул ашказандын рагы болуп эсептелет. Убагында  ооруканага кайрылбай жүрө берип, күчөгөндө анан кайрылышат. Ошентип кеч болуп калат. Кудайга шүгүр дейли. Бизде башка өлкөлөргө салыштырмалуу онкологиялык оорулар боюнча курч кырдаал жок. Мисалы, Казакстанды алалы, аларда 100 миӊ кишинин ичинен мындай ооруларга чалдыккандар  240-250 адамга жетет. Бизде болсо бул көрсөткүч 90 адам. Россияда болсо 350. Европа өлкөлөрүндө  болсо 450 адам.

—Сиздерде тамак берүү  жагы кандай? Бир күндүк тамагы канча сом болот?

—Кудайга шүгүр, бизде жакшы. Балдар үчүн өзүнчө тамак. Бир күндүк тамак 120 сомго айланат. Союз учурунда 15 түрдүү тамак берилчү. Колдон келсе, ошондой кылсак деле болмок. Бирок азыркы берилип жаткан тамакты начар,  же аз деп айтууга болбойт.

—Сиз жетектеген борбордун азыркы абалын мурунку абалына салыштырууга болбойт. Себеби, абдан чоӊ курулуштар жүрүп, чоӊ жаӊылоо болду. Курулуш иштери бүгүнкү күндө толук аягына чыктыбы, же дагы бүтпөй уланып жаткандар барбы?

—Ооба. Мурунку  борбор менен азыркы борбордун айырмасы асман менен жердей десек болот. Азыр бизде негизги чоӊ курулуштар бүткөн. Жогоруда айттым, азыр бизде “Линейный ускоритель” үчүн бункерлер курулуп жатат. Бул эми космодром салгандай эле экен. Себеби, Кыргызстанда мындай бункер биринчи жолу салынып жатат. Айтор, көзөмөл абдан катуу болот. Мамлекеттик курулуш, архитектура агенттиги да көзөмөлгө алган.  Жол –жобосун, эрежесин МАГЭТЕ жазып берген. Салынып  бүткөндөн кийиин МАГЭТЭнин адистери текшеришет.

—Соӊку суроо болсун. Онкологиялык оорулардан кантип сактануу керек?

—Көпчүлүк билет. Бирок билип туруп, сактанышпайт да. Рак ооруларын биринчи кезекте пайда кылган – бул тамекинин түтүнү. 80 пайызга чейин пайда кылуу коркунучу бар. Тамеки өпкөнүн рагын 90 пайыз пайда кылат. Андан тышкары, тамеки ооз көӊдөйү,  чел кабыктары, тамак, кекиртек рагын да чакырат. Дагы бир фактор – бул жеген тамагыбыз: майлуу жейбиз, этти көп жейбиз. Эт бул жоон ичегинин рагын пайда кылат. Арак дагы ички органдын рагын пайда кылууга чоӊ себепкер. Биз эми жашылча-жемиш, чөп-чарды аз жейбиз. Бул туура эмес. Эттен көрө чөп-чарды көп жеп, ошого көнүшүбүз керек. Адам физикалык жактан көп кыймылдашы керек. Кыймылдаганды да көп жактырбай, жалкоолукка басым жасайбыз. Бул абдан туура эмес. Ал эми жатындын моюнчасынын рагы вирус чакырат. Көп өлкөлөрдө бул жатын моюнчасынын рагына ваксинация жасашат. Бизде да  андай ыкма 2023-жылдан баштап кирип калат. 13 жаштан баштаган жаш кыздарды да ваксинация кылуу зарыл болот. Булардан тышкары экологиянын бузулушу, түтүн,  сапатсыз тамактар ушул сыяктуу көрүнүштөр да рак оорусунун пайда болушуна өз таасирин тийгизет. Рак оорусу менен кандаштар ооруп калса, анда бир туугандар сөзсүз түрдө дарыгерлерге кайрылып, текшерилип турушу зарыл. Анткени, рак оорусу —  бул тукум куучулук таасирге да ээ да.

                                                                                                                      Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here