Ооганстандын Саламаттык сактоо министрлиги элдин үчтөн бири же он миллиондон ашыгы коронавирус жуктуруп алганын маалымдады. Министр Ахмад Жавад Османи 5-августта журналисттерге өлкөдөгү 32 миллион калктын 31,5% коронавируска кабылганын айтты. Эң бийик көрсөткүч Кабулда, андагы 5 миллион адамдын жарымынан көбү COVID-19 илдетин жугузган, басымдуу бөлүгү балдар.

“Оорунун экинчи толкуну бүт дүйнөдө жүрүп жатат. Бизге да келиши мүмкүн. Биз ага даяр болушубуз керек”, — деди Османи.

Министрдин сөзүнө караганда АКШдагы Хопкинс университетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен Ооганстанда коронавирус жуктургандарды иликтөө жүрүп жатат.

5-августка карата жалпы Ооганстанда 36 829 адам коронавируска чалдыкканы расмий кабарланган. Оорудан 1294 адам көз жумган. Эксперттер чыныгы көрсөткүч мындан эселеп көп болушу ыктымалдыгын айтышууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here