Москвада кыргызстандык келин баласын көчөгө таштап кетти. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы маалымат булактарга таянып «Известия» басылмасы жазды.

Ага ылайык, 34 жаштагы кыргызстандык келин бул жоругун кокустан жасаганын айткан. Шаардык прокуратура билдиргендей, наристе 4-август түнү Студенческая көчөсүндөгү турак үйлөрдүн подъездинен табылган. Үйдүн алдындагы камерага баланы таштап кеткен жарандар тартылып калган. Көп өтпөй баланын атасы Омар Момунов жана чон апасы кармалган (КР жарандары). Атасынын айтымында баланы аялынын эжесине таштап кеткен. Эжеси наристени кайра жеткирип берген. ошондон кийин атасы уулун кольяскага салып, аялынын туугандары жашаган подьездге таштап кеткен.

«Колясканы өтүп бараткандар көрүп калып, укук коргоо органдарына кайрылышкан. Өздүк маалымат булактары билдиргендей, табылган бала 10 айлык. Учурда ооруканада. Наристенин туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, маалым каты эле бар.», — деп жазылган кабарда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here