Камчыбек Аскарбекович,  Кыргызстанда көп катталган балдар оорусу тууралуу маалымат берсеӊиз?

—Акыркы жылдары биздин борборго  нерв оорулары,   ар кандай  тубаса оорулар, ашказан, көз, кулак-мурун оорулары менен  кайрылып жаткандар абдан көп. Өзгөчө жайкы мезгилде бөйрөк оорулары да көбөйүп кетет. Кийинки мезгилде жүрөк оорулары  көбөйдү. Анын себеби,  адам бала кезинде жүрөк ооруларына кабылганын жаштыгына салып сезбей жүрүп, улам жашы өйдөлөгөн сайын оорусу күчөй берет.  Балдар дарыгерлери канча көп болсо,балдардын ооруларын алдына алууга чоӊ салым кошушат эле. Бирок балдар дарыгерлери  региондордо кескин түрдө жетишсиз. Ата-эне баласынын ден-соолугун жакшы билет, көптөрү баланын кайсы бир жери ооруп жатса да, учурунда ооруканага алып барышпайт, кайдыгер мамиле кылган учурлар да  көп кездешет. Анын кесепетинен баланын оорусу күчөй берет. Биз карантин учурунда онлайн режимде,  мисалы, телемедицина, теле консултанция skype, мобилдик телефондор ыкмасы менен иш алып барып жаттык. Бирок биздин эл буга көнгөн эмес да. Ошон үчүн андайга көп көӊүл бурбай, бир жери ооруп калса Баткенден Бишкекке жөнөшөт. Жолдо кыйналат. Оорусу күчөп да кетиши мүмкүн. Ошондуктан бул ишти биз колдон келишинче күчөтүп, жакшы жолго койгонго аракеттерди көрүп жатабыз. Азырынча чоӊ жыйынтыктарды бере элек, бирок акырындык менен ийгиликтерге жетишип жатабыз десем болот.

—Эми сиз узак жылдан бери жетектеп жаткан борбор тууралуу кеп кылсак. Бул борбор республикадагы бирден-бир көзгө басар борбор болуп эсептелет да. Мындан улам, борбордун деӊгээлин көтөрүү, жаӊылоо, ар тараптуу күчөтүү иштери жүрүп жатабы?

—Бул маселе боюнча биз сөзсүз түрдө  тынымсыз аракеттерди көрүп келебиз. Бул борбордун курулушу  1990-жылы башталган. Ошол жылы мен бул оорукананын  башында туруп, шартка жараша ал мезгилде архитектор, курулушчу жана бир эле мезгилде башкы врачтын кызматын аткарганга туура келди, ишти фундамент түптөөдөн баштаганбыз. Андан бери 30 жыл өттү. Бирок дагы эле борбордун курулушу тиешелүү деӊгээлде толук бүтпөй келет. Мисалы, борбордун күн батыш тарабындагы имаратыбыздын курулушу союз убагында токтогон, ошол бойдон эмдигиче бүтпөй турат. Өткөн жылдан баштап Кувейттин “Ас-Сафа” деген фонду менен сүйлөшүп, борбордун жанынан эки кошумча корпус куруп жатабыз. Кудай буюрса, бир айдын ичинде ишке берилет. Анын бир корпусунда балдардын диагностикалык-консультациялык бөлүмү, экинчи  корпусубузда болсо  балдардын онкологиялык оорулар эмес кан ооруларын дарылоо  жана трансплантация боюнча да бөлүмдөр жайгашат.  

Кувейттин дагы бир эл аралык фонду менен балдардын онкологиялык оорулары үчүн  беш кабаттуу имаратты куруу боюнча долбоорун даярдадык. Бирок карантинге байланыштуу алар азыркы учурда келе албай жатышат. Булардан тышкары, биздин базабызда Германия өлкөсүнүн  жардамы менен 100 орундуу жаӊы төрөткана курулуп бүтүп калды. Бул да гранттык негизде экенин айта кетейин. Бирок биздин өкмөт ал төрөткананын курулушуна кеткен каражаттын 10 пайызын, тактап айтканда 190 миӊ евронун тегерегиндеги каражатты кошушу керек эле. Азырынча өкмөттөн бул акча бөлүнө элек. Буюрса, ал төрөткана эӊ мыкты аппараттар менен камсыз болот.  Мындан башка, Кыргызстандын бюджети менен курула турган балдардын жүрөк ооруларын дарылоо боюнча ооруканабыздын курулушу 80 пайызга бүткөн.  Калган 20 пайызын бүтүрүүгө 70 млн. сом керектелет. Бирок медициналык жабдыктары кымбат, аларды алууга да 3 млн.го чейин доллар керек болот. Мурунку өкмөт башчы келип көрүп, “бүтүрүп беребиз” деп кетти эле. Эми азыр өкмөт алмашты, шартка жараша аракеттер болот го деп турабыз. Чынында ал имараттын бүтпөй токтоп турганына көп убакыт болуп кетти. Балдарыбыздын жүрөк оорулары болсо жыл өткөн сайын көбөйүп жатканын жогоруда айттым.  Балдардын жүрөк ооруларынан арылуу үчүн бардык шарттары бар оорукана жана күчтүү дарыгерлер  аба менен суудай керек.

Бөйрөк алмаштыруу боюнча медициналык ишти сиздердин гана борбор ишке ашырат эмеспи. Бул боюнча кандай жылыштар бар?

—Коронавируска байланыштуу бөйрөк алмаштыруу иши убактылуу токтоп турат. Буюрса бул ишти  кайрадан  улантабыз. Боорду алмаштыруу операциясына да даярдыктарды көрүп жатабыз. Бирок ал үчүн 500 миӊ долларлык аппарат керек болгондуктан ишти жолго коё элекпиз. Пандемия башталганга чейин ай сайын биз  эки-үчтөн адамдын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасап жаттык. Баары ийгиликтүү болду. Бирок бизде бул боюнча тиешелүү лаборатория жок болгондуктан ооруган адамдарды Алматыга жиберебиз. Азырынча мүмкүнчүлүк чектелүү болгондуктан шартка жараша иштерди аткарып жатабыз. Биз буга чейин  20дай дарыгерди бул ишке окутуп, даярдап койгонбуз. Мен өзүм: Кытай, Индия, Россия, Белоруссия, Казакстан, Түркия ж.б. мамлекеттердин тажрыйбасын көрүп келип, анан ишти баштаганбыз. Бизде ал мамлекеттердеги шарттарга салыштырмалуу айрым шарттарыбыз жаман эмес. Мисалы,  каражат аз кетет, өз жериӊ, өз элиӊ дегендей. Тил азабы, жол азабы ж.б. оорчулуктар болбойт. Кудай буюрса, акырындык менен мындай иштерибизди күчөтөбүз деп ойлойм.

Жогорку Кеӊеште бөйрөк, боор алмаштыруу ишин жеке менчик ооруканаларга берүү боюнча  бир катар депутаттар мыйзам долбоорун жазышып,  аракет кылып жатышканын билесиз. Бул маселеге  көз карашыӊыз кандай?

—Бизде трансплатация боюнча мыйзам 2001-жылы кабыл алынган. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Ага ылайык мыйзам да өзгөрүшү керек. Азырынча   бул маселеге жеке менчик ооруканаларды аралаштыруунун кажети жок. Эртелик кылат. Себеби, бизде жеке менчик ооруканаларда талапка ылайык келген адистер жок.  Алыс барбай эле Казакстандагы практиканы алалы. Ал жакта жеке менчик 15-20дай ооруканага ушул ишти жүргүзүүгө уруксат беришкен. Бирок жыйнытыгы жакшы болбой, тескери иштер болуп кеткенин ЖМКлардан окудук. Мисалы, органдарды сатуу, дагы ушул сындуу  ар кандай терс жагдайлар орун алды. Андыктан алар жеке менчик ооруканаларга тыюу салып, мамлекеттин карамыгындагы 3-4 гана ооруканага уруксат беришти. Кыскасы, мындай көрүнүштүн баарын  эске алуу зарыл.

Сиз жетектеп жаткан борбордо дагы кандай жетишкендиктер бар?

 Биздин борбордо кийинки эле жылдары 20дан ашык жаңы, заманбап дарылоонун диагностикалык ыкмалары киргизилди. Кээ бирлерин айта кетейин, тубаса гипотиреоз оорусун диагностикалоочу, неонаталдык скрининг, бул методикага өкмөт 26,5 миллион сом бөлүп берди. Тубаса укпаган балдарды дарылоо боюнча Катар өлкөсүнүн дарыгерлери, Германиянын “Ленхард” фондусу менен иштешип келебиз. Алар бизге гранттын негизинде 20дан ашык балага кохлеарный имплант операциясын жасады суммасы 500 миллион евронун тегерегинде. Көз, нейрохирургиялык, жаак-бет, хирургиялык оорулар боюнча иштерди инвесторлор менен алдыга жылдыруудабыз.

—Педиатрия боюнча жалпы алганда, башка өлкөлөргө салыштырганда ахыбалыбыз, шартыбыз кандай?

—Мен өзүм КМШ өлкөлөрүнүн педиатрлар федерациясынын президентимин. Салыштырмалуу айтсак, биздеги абал орто. Мисалы, союз учурунда Бишкек шаарында эле 20дай балдар бейтапканасы бар эле. Кийин анын баары жоюлду, менчиктелди. Айтор, жок болду. Кадрлардын көбү чет мамлекеттерге иштеп кетишти. Медицина күн сайын, ай сайын өнүгүп жатат. Медициналык жабдыктар да улам жаӊыланып, улам күчтүү болуп жатканын билебиз. Биз андай жаӊы жабдыктардын бирине жетсек, дагы бирине жетпей келебиз. Педиатрия боюнча КМШ мамлекеттеринин ичинен алдыда Россия турат. Жакында эле алар Москванын четине 2,5 млрд. долларга  генетикалык мега борбор сала турганын билдиришти. Бизде болсо андай борбордон бирөө да жок. Бирок эми жок деп олтура берсек болбойт. Биз да чоӊ-чоӊ аракеттерди көрө беришибиз зарыл.

                                                                                          Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here