Шайлоо жакындаган сайын ырчылар-шоумендер сунуштар көбөйүп жатабы? Ырчылыктан кийин саясатчы болгусу келген жылдыздар жок эмес. Алардын катарында Самара Каримова, Айбек Карымов. Анжелика, Эрнист Бөрүбаев ж.б бар.

Ал эми ырчы Самат Доолотбаков көпчүлүктүн суроосуна инстаграм баракчасы аркылуу төмөндөгүдөй жооп берди.

Акыркы күндөрү, тааныш-достордун жана соц.тармактардын, мага болгон эң популярдуу суроолорунун бирине жооп бергим келди:

— Шайлоого чакырып жатышабы? Кимдер? Барасызбы?
— Ооба, бирок барбайм. Менин оюмча, азырынча «чоң политикага» даяр эмесмин жана политикалык амбицияларым көп болгон эмес. Бирок, убакыт таразалайт дегендей, кийин, көрө жатарбыз.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here