Ливандын Саламаттык сактоо министрлиги Бейруттагы ири жарылуудан каза тапкан адамдардын саны 80ге жетип, төрт миңден ашык киши жаракат алганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ливан бийлиги курман болгондордун саны өсүшү мүмкүндүгүн айткан. Анткени имараттын урандысында калып, дайынсыз жоголгондор ого эле көп.

Эске салсак, кечээ Ливандын борбору Бейрут шаарындагы порттун жанында катуу жарылуу болгон. Алгач пиротехникалар сакталган кампа жарылган дешсе, кийинчерээк Ливандын Жалпы коопсуздук кызматынын башчысы Аббас Ибрагим көпкө чейин сакталып турган жардыруучу башка заттар жарылганын айткан.

Андан кийин өлкөнүн премьер-министр Хассан Дияб портто 2750 тонна аммиак селитрасы болгонун айтып, ал дээрлик алты жылдан бери сакталганын билдирген. Бул өз кезегинде катачылык болуп саналары белгиленет.

Ливандагы трагедияга байланыштуу үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Президент Мишель Аун эки жумага өзгөчө кырдаал жарыялоо үчүн өкмөттү ыкчам жыйынга чогулушун өтүнгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here