“Заман бузулбай эле адам бузулду” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Биздин бүгүнкү каарманыбыз Астра кайнатасы менен күйөөсүнүн ортосунда ыӊгайсыз абалда калып жатканын ачык эле билдирип,  уккандын үрөйүн учурган бул жагымсыз окуя тууралуу төмөндөгүдөй баяндап берди.

—Учурда жашы 60тан ашып  калган кайнатам кыжырыма көп тийчү болду. Эмесе кеп башынан болсун.  Жолдошум экөөбүз турмуш кургандан бери экөөнүн ата-баладай болуп жакшыраак сүйлөшкөнүн  деле байкаган жокмун. Мындай көрүнүшкө мен бир топко чейин абдан таӊ калып жүрдүм. Көрсө, иштин жайы мындай экен. Бекболот бала кезинде чоӊ ата-чоӊ энесинин колунда өсүптүр. Кийин мектепке бара турган учурда өзүнүн ата-энесинин колуна келет. Алар аны кадимкидей өгөйлөшчү экен. Бир жолу үшкүрүнүп:

—Байкем мага бала кезимден бери эркелетип  жылуу сөз деле айткан жок… Көпчүлүктүн көзүнчө мени көчөдөн таш менен кубалаганы эч эсимден кетпейт. Анда мен 25ке чукулдап калган кезим эле. Ошол жагымсыз окуя азыр да эч эсимден кетпейт,-деди кайнатама нааразы болуп.

—Ал сенин атаӊ да. Көп эле капа боло бербечи,-десем колун шилтеп ызырынып:

—Ал киши ата деген сөздөн айлансын. Мен аны өмүр бою кечирбейм… Эмнегедир мени көрсө эле кебетеси бузулуп тишин кычыратып турат,-деп муштумун бекем түйүп муундары калчылдай баштады.

Жолдошумдун бул абалын көргөндө чочуп кетип:

—Өзүӊдү кармачы… Эмне болуп жатасыӊ?-дедим кыжалат болуп.

—Жалаӊ ушул айбандын буга чейин мага көрсөткөн кордуктарынан улам нервиме доо кетсе керек. Бул тууралуу дегеле жакшы түш көрбөйм. Качан болбосун түшүмдө мени бычак менен сайгылап жаткан болот,-деди мага ачыгын айткан жолдошум.

Ошону менен экөөбүздүн сөзүбүз бүттү… Бир жолу кайнатам жолдошум экөөбүз шаарда жеке иштерибиз менен жүргөн кезде телефон чалып:

— Бекболот жаныӊда жокпу?-деди үнүн бир аз акырын чыгарып.

Жанымда турган  жолдошум “жок деп кой” дегенсип колу менен белги берди.

—Ата, сүйлөй бериӊиз. Ал жумушка кеткен,-десем эч уялбастан:

—Экөөбүз өзүнчө жолукпайлыбы! Макулсуӊбу?-десе болобу.

Жолдошум бул сөздү укканда өзүн менин алдымда абдан ыӊгайсыз сезип жатканын ошол замат байкадым. Андыктан эптеп бир айла таап:

—Ата, сөздөрүӊүз  жакшы угулбай жатат,-деп трубканы басып койдум.

—Акмак, сакалдуу башы менен өзүнүн келинине тийишет деген эмне шумдук! Мунун мээси жайында эмес.  Соо адам ушинтип сүйлөйбү?-деген жолдошум дагы бир топ сөздөрдү күбүрөндү.

Бул жагымсыз окуядан кийин кайнатамдын мага телефон чалып “жолукпайлыбы” деген сөзүн жолдошум эки-үч жолу укту. Бул аз келгенсип бир жолу “мага вотсаптан жазып тур, башкаларга окутпа” деп СМС-билдирүү жөнөткөн экен. Муну окуган жолдошум ошондон бери кайнатамды мурдагыдан да катуу жек көрүп калса керек. Андыктан өзүнүн атасынан да улуу бир киши тууралуу бир  окуяны  төмөндөгүдөй баяндап берди:

—Карыганда чалдарды Кудай урат окшойт. Биздин айылда Абдыракман деген киши бар. Ал айбан көзү өтүп кеткен уулунун келинчегине бир жолу уят-сыйытты жыйыштырып тийишкен экен. Келини тез эле балдары менен айылдан көчүп кетиптир.Демек, бул бети жок кайнатаӊ  экинчи Абдыракман болгону калган турбайбы…

Күйөөмдүн көӊүлү абийирсиз атасынан аябай калса керек. Ошон үчүн: “Тиги уятсыз Абдыракман  телефон чалып дагы тынчыӊды алган жокпу?”-деп мага көп айтчу болду. Эмне демекчимин? Кудай кайнатама ыйман, жолдошума сабыр берсин. Учурда заман бузулбай эле адам бузулганына баарыбыз күбө болуп жатпайбызбы. Ал эми жолдошум болсо бул макала гезитке жарыялангандан кийин телефонуна тартып алып вотсап аркылуу кайнатама жөнөткөнү жатат. Алгач атасына ушинтип эскертүү берет окшойт. Эгер дагы телефон чалып мага тийишкен жаман адатын токтотпосо, анда туугандарына  баарын айта турганын билдирди.  Балким, бул макаланы вотсаптан окуган кайнатам  эсине келип калгысы бардыр. Күйөөм болсо “Жаман болсо да, аман болсун” деп азыр бир аз сабыр кылып турат…

                                                                         Даярдаган: Нуркемел  ИСАЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here