Өлкөдө биринчи жолу допинг колдонууга каршы борбор түзүлгөнүн Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Бул кызмат  Спорт агенттигинин алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясында түзүлүп, Улуттук антидопинг борбору аталышы менен иш алып барат. Маалыматта: «Дирекция спортто тыюу салынган заттарды колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат. Ал дүйнөлүк антидопинг кодексинин жана КРдин антидопинг эрежелеринин аткарылышын камсыз кылат. Ошондой эле таза спортту жайылтууга салымын кошот«- деп айтылат

Мындан тышкары, Спорт агенттиги алдындагы Допингге каршы күрөшүү дирекциясын жетектегенге адис изделип жатканын айтылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here