Режиссер Медер Жалилов тарктан «Мекен» тасмасы кино театрларда көрсөтүлбөй турганы буга чейин маалым болгон. Себеби, аны бийликтин өкүлдөрү көрсөтүүдөн баш тартып, атайы комиссия менен тыюу салып койгон. Бул кинону тартуу үчүн чыгым болгондор (100 миӊ доллардан ашуун каражат сарпталганы айтылды) карызга батып, айласы кеткенде ЮТУП каналына чыгырып, элден жардам сурап кайрылышты. Комиссия курамында: ИИМдин, УКМКнын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана «Кыргызкинонун» өкүлдөрүнөн турган комиссия көрүп чыккандан кийин бир катар сын айтылып, тасманын айрым жерлери кесилген. Көрүүчүлөргө баштапкы тасмасынын маӊызынын 20-30% өзгөртүлүп тартууланганы айтылды. Тасма Кыргызстандын кен казуу тармагындагы коррупциялык система тууралуу баяндоо максатында тартылган. Аталган тасманын режиссеру Жалилов өзү маанилүү деп эсептеген кадрларды алып салууга мажбур болгонун белгилеген.

Бул кино ютуп каналына кечээ кечинде чыккан. 19 саатын ичинде тасманы 122 миӊден ашуун адам көрүп, жаратуучуларга жылуу пикирлерин калтырып, бийликти сындап өз пикирлерин байма-бай жазып жатышат. Пикир жазгандар дээрлик 4 миӊге жеткен. Айрымдар кино жаратуучулардын банктык эсебине, Эл сом номерине акча которушууда.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here