Бүгүн өлкө аймагы боюнча 668 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Бишкекте — 118, Ошто — 80, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 15, Ысык-Көл облусунда — 157, Жалал-Абад облусунда — 115, Баткен облусунда 27 киши.

Жуктургандардын арасынан 20 киши медицина кызматкерлери. Акыркы суткада каза болгондордун саны 18 адам. Алардын тогузу Бишкекте, төртөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, дагы бири Ош облусунда, бирөө Талас аймагында, бирөө Ысык-Көлдө.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алган учурлардын саны 34 512ге жетти. Анын ичинен 23 343 киши ооруну жеңип, айыгышты. Тилекке каршы, коронавирус 1 347 кишинин өмүрүн алды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here