Бүгүн Кыргыз эл жазуучусу Кадыркул Даутов узакка созулган оорудан улам 80 жашында каза болду. Кадыркул Даутов 1940-жылы 10-сентябрда Алай районундагы Үч-Төбө айылында туулган.
1961-жылы Токмок шаарындагы республикалык маданият агартуу окуу жайын,
1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.
1970–1973-жж. СССР Илимдер академиясынын М.Горький атындагы Бүткүл дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасында окуган.
1973-жылы филология илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактайт.
1973-жылы КСЭнин адабият жана искусство редакциясынын жетекчиси,
1974–1975жж. Кыргыз илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер,
1976–1981-жж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун совет адабияты секторунун башчысы,
1983-жылдан СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин СССР элдеринин адабияты кафедрасынын окутуучусу,
1985–1986-жж. «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын бөлүм башчысы,
1989–1999-жж. Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын тил жана адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.
1999–2005-жж. Чүй университетинин Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы,
2005–2007-жж. И.Арабаев атындагы университеттин профессору,
2007-жылдан Ж.Баласагын атындагы КМУнун профессору.
1960-жылдардын экинчи жарымынан бери адабий-сын чыгармаларын жазып келет. «Ырдын өмүрү» аттуу алгачкы адабий-сын макалалар жыйнагы 1977-жылы жарык көргөн. Негизги чыгармаларын орус, кыргыз тилдеринде жазат.
1978-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
“Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”. КРнын эл жазуучусу наамы берилген.
Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамоталары менен сыйланган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here