Премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлдагы брифингде пандемияга байланыштуу Кыргызстан сырттан алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, пандемияда он бир мамлекеттен тышкары эл аралык уюмдар, чет жактагы кыргызстандык жарандардан да гуманитардык жардам келди. Боронов жалпы канча жардам берилгенин жана анын суммасын так айткан жок.

Гуманитардык жардам тиешелүү жактарга бөлүнгөндөн кийин ачык маалымат берилерин билдирди. Жалпысынан эпидемиологиялык кырдаал турукташып баратканын, бирок аймактарда абал оор болгондуктан, кубанууга эрте экенин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталган март айынан бери бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 33844кө жетти. Вирустан 1329 киши кайтыш болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here