Жогорку Кеӊештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев алыскы Ак-Талаа районунун элине 4 концентратор жана керектүү дары-дармектерди алып берди. Чынында борбордон кыйла алыс бул райондо да абал оор болуп, жаман илдет менен ооругандар көп катталган.

Акыркы күндөрү мекенчил инсандардын жардамы менен абалды жакшыртуу аракетинин жемиши аздан болсо да байкалып жатат. Эл үчүн, өлкө үчүн деп алгылыктуу эмгек кылып жаткан Нурбек Сыдыгалиевдин аракеттерине да коомчулук күбө болуп келет. Кыйын мезгилде элине жардам кылып жаткан мекенчил инсандарга ыраазычылык айтышыбыз абзел.

Эске сала кетсек, эл өкүлү Сыдыгалиев буга чейин Жумгал районун ооруканасына да конценртраторлорду, дезинфекциялык каражаттарды, медициналык беткаптарды, керектүү да дары-дармектерди алып берген. Мындан тышыкары, аз күн мурун Жумгалдын 10 айылына 250 миӊ сомдук дары-дармек жөнөткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here