Коомчулукта жардамга муктаж мекендештерибиз көп. Айрыкча алардын арасында 4-5 баланы жалгыз багып жаткан жалгыз бой энелерге жардам берген кайрымдуу адамдар көп болсо экен деп Жараткандан тилейт элек. Мына ошондой жалгыз бой энелерин бири Гүлсүнай Ботобекова 4 баланы 4 жылдан бери жалгыз багып, оор турмушту башынан өткөрүп келет. Биз бул үй-бүлөгө барып, жашоо-шартынан кабар алып, Гүлсүнай эже менен баарлашып келдик.

Гүлсүнай айымдын күйөөсү 4 жыл мурун жол кырсыгынан каза болгон. Бирок анын өлүмүнө себепкер болуп калгандар жардам беребиз деп убада кылышканы менен иш жүзүндө талапка ылайык жардам кылышкан эмес. Учурда Гүлсүнай айым 3700 сом жөлөк пул менен 4 баланы багуу оор экенин, айрыкча балдарына эт алып берүүгө чамасы жетпей жатканын айтып, көз жаш кылды… Кайрымдуу адамдар жардамга муктаж мындай аялуу үй-бүлөөгө кайдыгер карабай жардам берип турушса Жаратканга да жагымдуу иш болоор эле…

Гүлсүнай эне баладарына велосипед, шахмат керек экенин айтып, кайрымдуу инсандарга кайрылды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here