Жогорку Кеӊештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районунун 10 айылынын ФАПтарына: гепарин баштаган керектүү дары-дармектерди, пульсоксиметрлерди, СИЗ формаларын, медициналык беткаптарды алып берди. Айылдарды атап айтканда: Жумгал айылы, Лама, Жаӊы-Арык, Куйручук, Чоӊ-Дөбө, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Эпкин, Баш-Кууганды жана Байзак айылы. Бул айылга алынган дары — дармектердин жалпы баасы 250 миӊ сом болгон. Алынган дарылардын тизмесин аталган айылдардын ФАП башчылары өздөрү жазып беришкен. Депутаттын бул кезектеги жардамы үчүн район акими Адыл Сапаров жана аталган айылдардын айыл өкмөт башчылары ыраазычылык билдиришти.

Нурбек мырза, бул жардамдан тышкары, көптөн бери боору оорусунан жабыркап келген Түгөл-Сай айылынын 35 жаштагы тургуну Абдраимов Русланга Жогорку Кеӊештин фондунан 50 миӊ сом бөлдүрүп берди.

Жалпыга маалым болгондой, 2-3 айдан бери аймактарга демөөрчүлөр тарабынан алынып берилип жаткан дарылар, медициналык жабдыктар негизинен райондордун борборундагы ооруканаларга берилип жатат. Бирок ошол эле учурда көп учурда айылдардын ФАПтарына керектүү дары-дармектер жетпей калган учурлар көп эле кездешип келген.

Депутат Сыдыгалиев мына ушул маселени эске алып, кезектеги жардамын ар бир айылдан баштаганы байкалды. Буга чейин маалым болгондон Нурбек мырза, жакында эле Жумгалдын райондук ооруканасына эки концентратор жана башка керектүү дары-дармектерди алып берген. Аны менен бирге райондук оорукананын алдына төшөлгөн бурсчаткаларды өз каражатына алып жөнөткөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here