Июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров каза болду.

Эл аралык уюмдар буга чейин анын катуу ооруп жатканын айтышып, кыргыз бийлигин укук коргоочуну эркиндикке чыгарууга чакырышкан.

10 жылдан бери темир тор артында отурган Азимжан Аскаровдун каза болгону тууралуу «Бир дүйнө — Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова билдирип, маалыматты акыйкатчы Токон Мамытов ырастады.

Анын сөзү боюнча, Аскаров каза болгону тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан (ЖАМК) 25-июлда маалымат келген.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы тараткан маалыматта 10 жылдан бери темир тор артында отурган Азимжан Аскаровго алдын ала “оң тараптуу пневмония” деген диагноз коюлган.

«Алдын ала коюлган “оң тараптуу пневмония” деген диагноз менен №47 түзөтүү мекемесине жеткирилген Азимжан Аскаров кислороддук концентраторго жаткырылган. Анын сатурациясы 80-83 көрсөткөн. Бирок ал каршылык көрсөтүп, кислороддук концентратордун маскасын айрып салган. Аскаров нөөмөттөгү дарыгердин көзөмөлүндө болчу. 25-июль эртең мененки саат 9:30да Аскаров кайра кислороддук концентраторду өчүрүп салган. Саат 10:30 каза болгону аныкталды. Анын дарылануудан баш тартканы тууралуу тиешелүү актылар түзүлдү. Аскаровдун сөөгү Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборуна жөнөтүлдү жана соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөндөн соң эмнеден каза болгону тууралуу так маалымат берилет», — деп жазылат мекеменин маалыматында.

Мекеме буга чейин да Аскаров медициналык дарылануудан баш тартып келгенин кошулчалады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here