Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан соңку бир сутка ичинде 42 бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Каза болгондордун эң көбү Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда — тогуздан адам. Ысык-Көл жана Баткен облустарында төрттөн, Ош жана Талас облустарында үчтөн, Жалал-Абад облусунда бир адам.

Бир күндө бул илдетти жуктуруп алган 921 адам жаңы катталды. Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 031 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты. Азыркы тапта ооруканаларда 12 385 бейтап жатат.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 31 247 адамга жукту, алардын 18 038и айыгып чыкты, 1 211и каза болду. 17-июлдан тартып Кыргызстан пневмонияны да коронавирус катары каттай баштады.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here