Гепарин дарысын кымбат баада сатып жаткандар кармалды. Алар үйүндө 100 таңгак дарыны 70 миң сомго сатып жатканда колго түшүрүлдү.



Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады. 1955 ыкчам байланыш номерине кайрылуу түшүп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 211-беренеси («Мыйзам ишкердик жана банк ишмердүүлүгү») менен катталгандыгын айтышты финполчулар. Тергөө учурунда тиешелүү документтери жок препараттарды кымбат баада сатып жаткандар аныкталган.

«Атайын адамдар текшерүү үчүн Арча-Бешик конушунан 100 таңгак гепаринди (арбириндебештенампула) 700 сомдон сатып алган. Мунун жалпы суммасы 70 миң сомду түздү. Алар мындай иш менен өзүйүндө алектенип келишкен. 
Тинтүү учурунда алыпсатарлардын үйүнөн дагы ушундай дарылар чыккан», —деп айтылат маалыматта.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here