Премьер-министр Кубатбек Боронов Милдеттүү медициналык камсыздоо фондуна «Коопсуз шаар» долбоорунан түшкөн 145 млн. сомго «Тез жардам» автоунааларын сатып алуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоону тапшырды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Өкмөттүн 2019-жылдын 18-февралындагы №56-токтомуна ылайык, долбоорго тартылган мекемелер арасындагы бөлүштүрүүдөн соң, каражаттын калган бөлүгү республикалык бюджетке түшөөрү каралууда. Аталган токтомго 50% калдык максаттуу түрдө Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун кызыкчылыгында «медициналык «Тез жардам» автоунааларын алуу жана аларды тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыздоо үчүн» топтолоору тууралуу талап киргизилген.

Бул багытта Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү даярдык иштери баштады.

Кыргызстанда медициналык «Тез жардам» кызматында жана ооруканаларда атайын автоунаа жетишсиздиги мурдатан бар. Соңку бир айда коронавируска кабылгандар кескин көбөйүп, анын таңкыстыгы көбүрөөк сезилген. Көпчүлүк бейтаптар «Тез жардам» автоунаасы сааттап келбей жатканын даттанышууда.

15-июлда Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги 13 жаңы «Тез жардам» машинесин сатып алганын маалымдаган. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган автоунаалардын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар экенин жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгонун кабарлаган. Социалдык тармактын колдонуучулары техникалардын наркын сындап чыгышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here