Жумгал райондук аймактык ооруканага кислороддук станция куруу иши башталды. Бул иш үчүн Жумгал райондук администрациясы 140 миӊ сомдон ашуун каражатка керектүү жабдыктар сатып алган. Эми бул станцияны куруп ишке ашыруу үчүн дагы 30-40 миӊ сом керектелет. Буйруса, райондо курула турган бул станция оорукана ичиндеги 26 койканы кислород менен камсыздамакчы.

Белгилей кетсек, бул ишти Кыргызстанда биринчилерден болуп, жаш саясатчы Тилек Токтогазиев өзүнүн командасы менен баштаган. Тилек мырза, бул иш боюнча эми кичи мекенине да аздыр-көптүр жардам кыла баштады. Алгач балдар кислороддук станция куруу иши боюнча атайы курстан окуудан өткөн.

Жумгал району боюнча буга чейин атыӊ өчкүр жаман илдет менен жалпысынан 135 адам ооруган. Алардын көбү айыгышкан. Каза болгондор 10 адам. Учурда райондук ооруканада 40 адам дарыланууда. Буга чейинки маалыматтар боюнча район боюнча ооруп оорукаканаларга, ФАПтарга кайрылгандардын саны бир күндө 500-600гө жетип жаткан. Бактыга жараша барган сайын ооругандардын саны кыйла азайып, соӊку бир суткада кайрылган адамдардсын саны 100дөн ашкан.

Райондон чыккан саясатчы, коомдук ишмерлер, ишкерлер, активситтер жана ошондой ар бир айылдын жаштары колдон келишинче жардам кылышып, райондогу курч кырдалды жакшыртууга чоӊ салым кошуп жатышат. Районго демилгечи топтор күн сайын керектүү дары-дармектерди, медициналык коргоочу каражаттарды жөнөтүп жатышат. Белгилей кетек, демөөрчүлөр тарабынан жана өкмөттөн (өкмөттүкү- 5) районго алып берилген кислорддук концентраторлордун саны 60ка жетип калды. Район акими А. Сапаров андай керектүү аппаратты ар бир айылдын ФАПына бөлүп берип жатышканын буга чейин билдирген

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here