Бүгүнкү күндө Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын жалпы саны 12 563 адам. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, алардын 6 238инин анализинен вирус табылган, ал эми калган 6 325инин анализи тастыкталган эмес, бирок клиникалык белгилери же рентген жыйынтыгы боюнча COVID-19 деген диагноз коюлган.

Ооруп жаткандардын эң көбү Бишкекте, Ысык-Көлдө, Ошто жана Чүйдө.

Расмий маалыматка караганда, жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза болду.

Соңку бир суткада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, 1 108 адам жаңы катталды.

Өлкөнүн башкы пульмонологу азыр денеси ысып, тумоологондордун баары коронавирус экенин айтууда

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here