Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония (COVID-19 U07.1 жана U07.2) оорусу 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Бир сутка ичинде 44 адам каза болгон. Анын 16сы Бишкекте, Чүй жана Жалал-Абад облустарында жетиден адам, Ысык-Көл облусунда төрт, Ош шаарында жана Ош облусунда үчтөн, Талас облусунда эки жана Нарын, Баткен облустарында бирден адам.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 984 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жаңы катталган бейтаптар:

— Бишкек шаарында 324 адам;

— Ош шаарында 112 адам;

— Чүй облусунда 176 адам;

— Ош облусунда 110 адам;

— Нарын облусунда 35 адам;

— Ысык-Көл облусунда 229 адам;

— Жалал-Абад облусунда 93 адам;

— Баткен облусунда 58 адам;

— Талас облусунда 61 адам.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 29 359 адамга жукту, алардын 15 851и айыгып чыкты, 1 123ү каза тапты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here