Жумгалда COVID-19 илдетинин жайылышын алдын алуу үчүн райондук өнүктүрүү фондунан 5 миллион сом каражат бөлүндү.

Район акими Адыл Сапаровдун айтымында, бөлүнгөн каражаттын 2 млн сому райондук үй-бүлөлүк медициналык борборуна, 2 млн сому аймактык ооруканага, 1 млн сому райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборуна берилет. Ошондой эле ооруканага кычкылтек баллону орнотулат. Ал эми 50 кычкылтек концентраторго кычкылтек баллондорду жаштар чогултушат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here