1-июлга карата соңку сутка ичинде Кыргызстандын ооруканаларында коронавирустан 42 адам каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Кайтыш болгондордун Бишкекте 9. Ош 7, Ысык-Көл 7, Жалал-Абад облусунда 5, Талас жана Нарын облустарында төрттөн, Чүй облусунда 3, Ош шаарында эки жана Баткен облусунда бир адам.

Кечээтен бери бул илдетти жуктуруп алган 1 108 адам жаңы катталды.

Ооруканада дарыланып жаткандардын арасынан 1 667 бейтап айыгып, бир суткада үйүнө чыкты.

Жалпысынан коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул инфекция 28 251 адамга жукту, алардын 14 776сы айыгып чыкты, 1 079у каза тапты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here