Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда 15 жаштагы кыз бир тууган агасынан көз жарды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Маалым болгондой, жашы жете элек өспүрүм кыз облустук төрөт үйүндө төрөгөн. Учурда эне-баланын абалы жакшы.

Жашы жете элек кыз кош бойлуу болгонун билген эмес. Аны бир туугандары сокур ичеги болгон деген ой менен ооруканага жеткиргенде гана билишкен. Бир туугандардын апасы учурда Россияда иштейт. Кыз менен 2000-жылы туулган агасы былтыркы жылдын күз мезгилинде мас абалда жыныстык катнашта болуп, эртеси кечирим сураган.

Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы маалыматты тастыктап, үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмү кыздын жакындары менен сүйлөшүү жүргүзүп жатканын билдиришти.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы бул факт боюнча топтолгон материал Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 164-беренеси (Он алты жашка жете элек адам менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер) менен сотко чейинки ѳндүрүшкө алынганын билдирди.

Учурда иш тергелип жатат.


ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here