Коомдук жана саясий ишмер Жыпар Жекшеев 73 жашында COVID-19 илдетинен каза болду. Бул тууралуу анын жакындары кабарлашты.

Маалыматтарга ылайык, ал Бишкектеги улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Бүгүн, 21-июлга караган түнү көз жумган.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык- Көл облусуна караштуу  Түп районундагы Талды-Суу айылында туулган.

Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

Жыпар Жекше 1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал эми 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын (КДК) беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган.

Ал Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө бараандуу салым кошкон. 1991-жылы Кыргызстандагы ГКЧПга каршы коомдук чукул штабдын жетекчиси болгон.

Кийинчерээк, КДК табигый ыдырай баштаганда, 1993-жылы ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылы” партиясын негиздеп, анын Саясий кеңешинин төрагасы болуп шайланган.

Ж.Жекше 1995-2000-жылдары Кыргызстандын кош палаталуу Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, Адам укуктары жана мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

2005-жылдын 24-мартындагы биринчи элдик ыңкылаптан соң, ошол жылдын апрелинен тартып ал Абалды турукташтыруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.

2007–2009-жылдары Жыпар Жекше Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын Башкы катчысы болуп иштеген.

2009-жылы ал Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлердин бири болгон.

2017–2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, өз ыктыяры менен бул коомдук жумуштан кеткен.

Жыпар Жекше Кыргызстандын «Кайра куруулар» доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.

Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас–1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жыпар Жекшенин артында жубайы, эки кыз, төрт уулу калды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here