Иллюстрациялык сүрөт

Араван райондук соту Жазык кодексинин эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу беренеси менен күнөөлүү деп табылган 3 жигитти коомдук жумуштарга тартты. Өкүм ушул жылдын 25-июнунда кабыл алынды.

— Анвар (аты өзгөртүлдү, К.Ш.М.) 1990-жылы Араван районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

— Арслон (аты өзгөртүлдү, М.С.Х.) 1995-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусуна караштуу Мархамат районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

— Баатыр (аты өзгөртүлдү, Т.А.Н.) 1997-жылы Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун караштуу Мархамат районунда туулган. Билими орто, бойдок, убактылуу иштебейт. Мурда соттолгон эмес. Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) жана 172-беренеси (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) боюнча айыпталат.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Анвар 2020-жылдын 21-майында болжол менен саат 22:00 чамасында аялы Зухра (аты өзгөртүлдү, К.З.) менен жашыруун сүйлөшүп, жакындан мамиле кылып жүргөн жабырлануучу Юсуфту (аты өзгөртүлдү, Д.А.) телефон аркылуу алдап, Тепе-Коргон айыл аймагындагы бир айылга чакырган. Жабырлануучу айтылган дарекке келген учурда Анвар инилери Арслон жана Баатыр менен бирге аны оозго алгыс сөздөр менен сөккөн. Андан соң Баатыр жабырлануучуну мойнунан муунтуп, Анвар менен Арслонго кармап берген. Алар Юсуфту денесине жана бет тарабына ургулашкан. Андан кийин Анвардын короосунда жайгашкан сарайга күч менен алып киришип, ал жерден да ур-токмокко алышкан. Мындан тышкары эки колун артына байлап, бийик тосмого колунан асып, Анвар аялы Зухра менен кандай мамиледе болуп жүргөндүгү боюнча суракка алган. Ошондой эле, жабырлануучунун айткандарын телефон менен видеого тартышкан. Юсуф сүйлөбөй койгондо Анвар колундагы темир менен оң бутунун кыр сөөгүнө, иниси Баатыр колундагы темир түтүк менен далыга уруп, кордук көрсөтүү менен сүйлөтүп отурушкан. Ошентип жабырлануучу жалпы 11 саат зомбулук көрүп, эркиндиги чектелген. Андан кийин Анвар, Арслон менен Баатыр аны өз ыктыярлары менен бошотушкан.

Соттук отурумда айыпталуучу Анвар угузулган айыбы боюнча күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, Зухра менен расмий никеде жашап келе жатканын, ортолорунда эки баласы бар экенин билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 21-майында ал аялынын жашыруун колдонуп жүргөн уюлдук телефонун таап алган. Андан аялынын көптөн бери WhatsApp аркылуу бир эркек менен сүйлөшүп жүргөнүн билип калган. Ошондо аялы коркуп үйүнөн качып кеткен. Андан кийин аталган телефонго белгисиз бирөө тынбай чалган. Анын ким экенин ачыктоо максатында, үйүндө убактылуу жашаган инисинин аялына телефонду берип, «Жеңендин атынан сүйлөшүп койчу. Мүмкүн болсо жолугалы деп айтчы» деп айткан. Ошондо келини анын аялынын атынан бир эркек менен телефондон сүйлөшүп, аны айылга чакырган. Ал дароо макул болуп унаасы менен айткан дарекке келген. Аны Анвар өзү тосуп алып, «менин аялыма келген сенби? Аны менен жатып жүрөсүңбү?» деген. Жакасынан кармап «аялым менен беттештирем» деп үйү тарапка ээрчитип келген. Ошол учурда инилери Арслон менен Баатыр сыртка дааратканага чыгып келе жатканда капысынан Анвар менен жабырлануучуну көрүп калышкан. «Жеңем менен көңүлдөш болуп жүргөн ушул бекен» деп, жабырлануучуну бетке бир жолудан алакандары менен уруп жиберишкен. Ошондо Анвар: «Силер аралашпагыла, мен өзүм сүйлөшөм» деп аларды кетирип жиберген. Андан кийин жабырлануучуну сарайга алып кирип, экөө аялы келгенче күтүп турушкан. Аялы ал күнү үйүнөн качып кеткенден кийин кошунасынын үйүндө түнөгөн. Анвар билдиргендей, Зухра келгиче жабырлануучуну эч жакка кетирбей турган.

Ал сотто кылган кылмышы үчүн катуу өкүнүп жатканын, мунун баары кызганычтан улам келип чыкканын, Зухра менен Юсуфтан шектенип ушул ишке барганын билдирди. Ошондой эле, эртеси аялы менен жабырлануучуну беттештирип, андан кийин өз ыктыяры менен Юсуфту кетирип жибергенин айтты. Мындан тышкары учурда жабырлануучу менен жарашып алгандыгын айтып, 2 жаш баласы жана 2-топтогу майып ата-энеси бар экендигин көрсөттү.

Айыпталуучу Арслон сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жеңеси тууралуу окуяны аялынан укканын, жабырлануучуну аялы телефондон чакырганын билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 21-май күнү кечинде сыртка дааратканага чыккан. Ошондо агасы Анвар, жабырлануучу Юсуф жана Баатыр үчөө үйдүн короосунда кармашып турганын көрүп калган. Алардын жанына басып барып, «жеңем менен сүйлөшүп жүргөн ушул бала бекен?» деп ачуусу менен жабырлануучуну жакка бир уруп жиберген. Андан кийин агасы: «Силер аралашпгыла, өзүм сүйлөшөм» деп айтканда Баатыр экөө үйгө кирип кетишкен.

Арслон сотто тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн жарым-жартылай колдобой турганын, анткени ал биринчи жолу милицияга түшкөндүктөн катуу коркуп, эмне деп айткандарын өзү билбей калганын, учурда ал кылган кылмышы үчүн катуу өкүнүп жатканын, жабырлануучудан кечирим сурап экөө жарашып алгандыгын айтты. Ошондой эле, жумуш жоктугунан иш издеп Араванга келип, ушул ишке кабылганын, үйдө карыган ата-энеси калгандыгын айтып, соттон ага жеңил жаза берүүнү суранды.

Баатыр дагы сотто күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, жеңеси боюнча окуяны агасы Анвардан укканын билдирди. Анын айтымында, 2020-жылдын 21-май күнү кечинде сыртка колу-бутун жууганы чыкканда короодо агасы менен жабырлануучу орой түрдө сүйлөшүп турушканын көрүп калган. Алардын жанына басып барып, «жеңемдин сүйлөшкөн кишиси ушул бекен?» деп жабырлануучуну мойнунан муунтуп, бир жолу уруп жиберген. Андан кийин ал жерге Арслон келген. Ошондо агасы: «Силер аралашпагыла, өзүм сүйлөшөм» деп Араслон экөөнү үйгө кетирип жиберген.

Баатыр тергөөдө берген көрсөтмөлөрүн жарым-жартылай колдобой турганын, себеби коркуп кеткендиктен туура эмес көрсөтмө берип койгонун билдирди. Ошондой эле, жумуш жоктугунан Кыргызстанга иштегени келип, ушул ишке кабылып калгандыгын, жасаган аракетине катуу өкүнүп жатканын, учурда жабырлануучу менен жарашып, ал аны кечиргендигин айтып, ага карата жеңил жаза берүүнү суранды.

Жабырлануучу Юсуфтун айтымында, 2020-жылдын март айында Тепе-Коргон айыл аймагында дыйкандардан капуста алып жүрүп, Адлия деген келин менен таанышып калган. Ошондо ал келин Юсуфка «күйөөм менен ажырашып кеткем. Азыр бойдокмун» деп айткан. Ошондон улам жабырлануучу анын телефон номурун базарда иш болуп калса чакырам деп алган. Андан кийин аталган келинге телефон чалып, мөмө-жемиш упаковка кылган ишчи кыздар болсо айтып кой деп сүйлөшкөн. Андан кийин аны менен эки-үч жолу WhatsApp аркылуу менен жазышкан. Ал көрсөткөндөй, 2020-жылдын 22-майында кечинде ага тааныш эмес номур менен бир кыз телефон чалып, «мен Адлиямын. Кандайсың? Жолугалы. Бул айылга кел» деген. Ошондо Юсуф кызыгып, айтылган дарекке унаасы менен барып, Адлияга телефон чалган. Ал: «Мен фонарик менен жарык берем. Ошол жерге кел» деп айткан. Бир убакта фонариктин жарыгы менен белги берилген. Жабырлануучу унаасынан түшүп, жарык чыккан жерге барган. Ошондо аны үч бала ур-токмокко алышкан. Бирөөсү мойнунан муунтуп, болжол менен 8 метр аралыктагы бир сарайга сүйрөп алып киришкен. Ошол учурда жабырлануучу аларга каршылык кылайын дегенде бирөөсү ага «өлгүң келбесе жөн тур» деп айтып, эки колун аракасына алып жип менен байлаган. Андан кийин жиптин учун устунга асып, Анвар ага «сен бул жерге кимге келдиң? Сен менин аялым менен сүйлөшүп жүргөн турбайсыңбы. Менин аялым мага билгизбей сени менен жатып жүргөн турбайбы» деп айтып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Ошондо жабырлануучу: «Адлияны чакырып, мени менен беттештир. Мен ага тийген эмесмин» деп айткан. Бирок алар Адлияны таппай коюшкан. Аны күтүп, жабырлануучу эртең мененкиге чейин сарайда кармалган. Эртең менен Адлияны таап келишип, экөөнү 10 метр аралыкта тургузуп алып беттештирип, андан кийин Юсуфту бошотуп жиберишкен.

Жабырлануучу учурда ал айыпталуучулар менен жарашып алгандыгын, аларга карата эч кандай доосу жок экендигин көрсөтүп, козголгон жазык ишин кыскартып берүүнү сурады.

Күбө Зухранын айтымында, 2020-жылдын 21-май күнү күйөөсү Анвар анын жашыруун колдонуп жүргөн уюлдук телефонун таап алып, андан кийин экөө уруша кетишкен. Ошондо ал күйөөсүнөн коркуп кошунасынын үйүнө барып жашынып алган. Бул окуяга чейин ага Юсуф улам телефон чалгандыктан Зухра: «Мага чалбаңыз. Күйөөм бар» деп айткан. Кийин ал WhatsApp аркылуу эркелеткен сөздөрдү жазып жиберип жүргөн. Бирок Зухра убагында ага терс жооп берип келген. Ушул себептен күйөөсү аны кызганып, Юсуфту алдап чакырган. Андан соң аны менен беттештирген.

Зухра жабырлануучуну сарайда турганын көргөнүн, бирок колу байланганын байкабагандыгы билдирди.

Жайынтыгында айыпталуучулар Анвар, Арслон менен Баатыр Жазык кодексинин 172-беренсинде (Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, 280 саат коомдук иштерге тартылышты.

Ал эми Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 66-беренеси (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен кайрадан квалификацияланып, жорук иш өндүрүштөн кыскартылган.

Булак: www.turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here