Саламаттык сактоо министлиги Боом капчыгайында бузулуп калган автоунаа “Тез жардам” кызматына сатып алган жаңы машинелердин бири экенин тастыктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы алынган автоунаалардын бири Ысык-Көл облусундагы ооруканага бөлүнгөн. 16-июль күнү 4WD “Соболь” (Газель) үлгүсүндөгү машине облуска бараткан жолдо Боом капчыгайында бузулуп калган. Учурда ал автоунаа Чолпон Ата шаарында турат. Саламаттык сактоо министрлиги аталаган автоунаанын кепилдиги бар экенин белгилеп, компаниянын механик адистери баратканын билдирди.

Интернетте “Тез жардам” автоунаасынын жолдо бузулуп турганы тартылган видео тарап, кызуу талкууланып жатат.

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги жаңы алынган «Тез жардам» автоунааларынын сапаты баасына туура келе турганын билдирген. 13 машиненин үчөө 90 миң долллардан, ал эми ону 49 миң доллардан алынган. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган 13 автоунаанын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгон.

Социалдык тармактарда “Форд Транзит” жана “Соболь” (Газель) автоунааларынын Интернеттеги баасы арзан экени, бийлик машинелерди кымбат сатып алганы тууралуу пикирлер тарап жатат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here