Бул тууралуу маалыматты Илим Карыпбеков өзүнүн ФБ баракчасында билдирди. Эске сала кетсек, министрлик 13 машиненин үчөө 90 миң долллардан, ал эми ону 49 миң доллардан алынганын билдирген. Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында алынган 13 автоунаанын үчөөнүн ичинде жасалма дем алдыруучу аппарат бар жана алардын жалпы баасы 764 900 доллар болгон.

Социалдык тармактарда “Форд Транзит” жана “Соболь” (Газель) автоунааларынын Интернеттеги баасы арзан экени, бийлик машинелерди кымбат сатып алганы тууралуу пикирлер тарап жатат.

Илим мырза, жаӊы сатылып алынган Тез жардам унааларын завод менен байланышып, тактап билгендигинин төмөнкүчө жазды:

МЕН МУНУ ЭЧ КАНДАЙ ИНТЕРНЕТТЕН АЛГАН ЖОКМУН ОЗУМ БАЙЛАНЫШТЫМ ЗАВОДДУН МЕНЕДЖЕРИ МЕНЕН.Мына кечееки точно ошондой комплектация менен скорый помощь машинасы эми бул жерде ивл аппараты кошулган эмес кошулса деле анча цена чыкпайт да эки машинанын ценасын бир машинага жазып атышпайбы. Муну мен эч кандай интернеттен алган жокмун мен ооруп жатканыма карабай атайын байланыштым ушул компания менен кечееки тартылган видео фотолорду салдым тез жардам машинанын ушуну көрүп точно ушундай комплектацияны чыгарып бергиле деп анан мына бүгүн жөнөтүштү ал фирманы жаман корсотпойун деп аттарын алып салдым озум. Биздин чимкириктер 57 000$ деген машиналар 1 850 000 рубль турат экен тактап айтканда 25 000$. Адамдар өлүп атат а бул шылуундар өлүмдөн акча жасап атышат. Элдин убалы урук тукумунарга чейин жетсин.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here