Борбордук шайлоо комиссиясы (Боршайком) парламенттик шайлоону өткөрүүгө жумшала турган сумманы өзгөрттү. Бул маселе комиссиянын 17-июлдагы жыйынында каралып, республикалык бюджеттен пландалган 732 миллион сомдун ордуна 446 миллион 900 миң сом жумшалат деген чечим кабыл алынды.

Бюджетти өзгөртүүгө өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдан улам оптималдаштыруу аракети себеп болгону айтылды.

Шайлоочулардын жана шайлоо комиссияларында иштегендердин санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мындан тышкары дагы 60 миллион сом керек болору, бул боюнча эл аралык уюмдар жана донор өлкөлөр менен сүйлөшүү жүрүп жатканы белгиленди.

2 миң 462 (анын ичинде 42си чет өлкөлөрдө) шайлоо участогу ачылат, аларда жалпысынан 31 миң 483 адам иштейт.

16-июлга карата өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 3 миллион 429 миң адам болду, бул 2015-жылкы шайлоодогуга салыштырганда 667 миң 746 шайлоочуга көп.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here