Белгилүү акын Замира Жантаева каза болду. Маркумдун тааныштарынын айтымында, акындын өпкөсү сезгенип ооруп жаткан.

Жантаева 61 жашта болчу. Ал 1959-жылы 17-ноябрда Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Жер-Көчкү айылында туулган.

1976-жылы орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Соода техникумун аяктаган. Эмгек жолун Кара-Кужур жумушчулар кооперативинде баштап, кийин райондун Керектөөчүлөр коомунда иштеген.

Жантаеванын ырлары алгач “Эмгек Туусу” гезитине, кийин “Чүй баяны” гезитине, “Мугалимдер журналына” жарыяланып турган.

Маркумдун артында төрт кызы жана бир уулу калды.

17-июлга карата Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери бул ооруга чалдыккандардын расмий саны 23 миң 783 адам болду. Каза болгондордун жалпы саны 785ке жетти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here