Жеке ишкер Каныбек Туманбаев учурда таңкыс болуп жаткан “Клексан” жана “Гепарин” сыяктуу дары-дармектерди бейтаптарга бекер таратат.

Кыргыздын патриот уулу Каныбек Туманбаев пандемия башталганы калктын саламаттыгын сактоого болгон күчүн жумшап, ар-тараптуу жардамын берип келет. Учурда өлкөдө пневмония илдети күч алып, дары-дармек жетишсиз болуп жатканы айныгыс чындык. Табылса да баасы асманды чапчыйт. Буга окшогон жат көрүнүштөрдүн алдын алуу жаатында ишкер агабыз Каныбек Туманбаев жетишсиз болуп жаткан жана эң керектүү делген “КЛЕКСАН” дарысын алып келди. Каныбек Туманбаев бул дарыларды ооруу менен күрөшүп жаткан бейтаптарга бекер таратып берээри белгилүү болду. Мынакей туугандар, “Ата журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар-бир уулуң чагылганга” демекчи, Каныбектей чыныгы мекенчил уулу бар элдин бактысы чексиз тура.

Белгилей кетсек, буга чейин Туманбаев дарыларга буйуртма бергени социалдык тармактарда жазылган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here