Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Анда 15-июлда Стамбул-Бишкек чартердик каттамы менен 20 өпкөнү жасалма желдетүү аппараты, 50 кычкылтек концентратору, 20 комплект ПЧР-тест, вирусту аныктоо үчүн реагенттердин 20 миң комплекти, 50 миң N95 коргоочу беткап, 100 миң хирургиялык беткап, 35 миң коргоочу костюм, 2 миң коргоочу беткап-калкан жана 10 миң гидроксихлорохин даары келгени кабарланган.


Үстүбүздөгү жылдын 6-июлда Кыргызстандын Президенти С.Жээнбеков менен Түркиянын Президенти Р. Т. Эрдогандын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча жана эки өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин өз ара меморандумунун алкагында түрк тарап Кыргызстанга гуманитардык жардам жөнөтүүнү чечкен.
Ошондой эле 15-июлдагы Стамбул-Бишкек чартердик каттам менен Түркияда эмгектенип жаткан кыргызстандык 14 дарыгер жана ординаторлор келишти. Алар Кыргызстандагы белгилүү бир ооруканада иштөөгө милдеттендирилет. Алардын учак билетин кыргызстандык ишкерлер өз мойнуна алышкан. Төрт дарыгер мурда келген. Кыргызстандын премьер-министри Кубатбек Боронов 14-июлдагы маалымат жыйынында Түркиядан 18 дарыгер жардамга келатканын кабарлаган.


Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин билдирүүсүндө, 15-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейс менен 343 кыргызстандык жаран мекенине жетти. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here