14-июлда 18-кылымда жашап өткөн, ал кыйын кезеӊде калмактарга каршы күрөшкөн элдик баатыр Түлкү уулу Качыке баатырдын урпактары Жумгал райондук ооруканага, райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна жалпы баасы 100 миң сом турган дары-дармектерди, медициналык коргонуучу каражаттарды жардам катары тапшырышты.

Качыке баатырдын дагы бир түз урпактарынын бири Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев өз каражатына эки кычкылтек концентраторун алып берди. Ошондой эле врачтардын ысык тамагы үчүн эки кой союп беришти.

Качыке баатырдын урпактарынан тышкары, ушул эле күнү Жумгал райондук ооруканага Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мирослав Аманкулов менен техника илимдеринин доктору, профессор Роман Оморов 60 000 сомдук даары-дармек алып беришти. Буларга кошумча кыргыздын сыймыктуу уулдары Муратбек Бегалиев менен Астарбек Рысалиевдер да 10000 сомдук дары-дармек алып беришкен.

Бул дары-дармектерди ооруканага райондук оорукананын башчысы А. Тентиева баштаган дарыгерлер, район акими А. Сапаровдор өткөрүп алып жатышып, жардам бергендерге ыраазычылык айтышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here