Жумгал районунда бүгүнкү күндө 50 миӊден ашуун адам жашайт. Аталган райондо да башка аймактардай эле кыйын кырдаал жаралып, эле жаман илдет менен жалпысынан 44 ( ковоид жана пнемония) адам ооруп калган. Короновирус илдети менен бүгүнкү күнгө чейин 20 адам ооруп, анын 15и айыгып чыгышкан. Тилекке каршы, бул илдеттен 2 адам кайтыш болгон.

Район акими Адыл Сапаров «Чагылган кgге» райондогу жалпы кырдаал боюнча маалымат берди.

Бүгүнкү күндө районго өкмөттөн тышкары, райондон чыккан депутаттар, жеке ишкерелер, карапайым адамдардан да түзүлгөн демилглүү топтор дары-дармектерди, керектүү буюмдарды байма-бай алып берип жатышат. Райондук ооруканада буга чейин эки ИВЛ аппарты болгон. Ал эми районго демөөрчүлөр тарабынан бүгүнкү күнгө чейин эки 30дан ашуун кычкылтек концентраторун алып беришкен. Өкмөт болсо мындай аппараттан районго 5ти бөлгөн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here