Бишкекте коронавируска байланыштуу ачылган күндүзгү стационарда ыктыярчы болуп иштеп жаткан 22 жаштагы студент кыз каза болду.

Адинай Мырзабекова Медициналык академиянын 5-курсунун студенти болчу. Бишкектеги стационарлардын бириндеги абалы орто жана жеңил бейтаптар тейленүүчү “кызыл зонасында” иштегенине 11 күн болгон.

14-июлга караган түнү жумуш аяктагандан кийин Мырзабекова эс алганы жатып, ошо бойдон өзүнө келбей каза болгон. “Тез жардам” кызматына алып барышса, ал жакта реаниматолог жок болгондуктан жардам көрсөтүлгөн эмес.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here