Эрмек Төрөкулов жана Рустам Кожобеков

Прокуратура органдарынын пневмониядан каза болгон эки кызматкеринин сөөгү жерге берилди. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлагандай, мекеменин Изин суутпай издөө ишин жана тергөөнү көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Рустам Кожобеков 48 жашта, Бишкек шаардык прокуратурасынын улук прокурору Эрмек Төрөкулов 50 жашта болчу:

Эрмек Төрөкулов прокуратура органдарында 1996-жылдан тартып эмгектенип келген. Сезимтал жана сабаттуу, өз өмүрүн мекенге кызмат өтөөгө арнаган, ишенимдүү жана ийкемдүү жолдош болгон. Рустам Кожобеков прокуратура органдарында 2005-жылдан бери иштеп келген. Ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин элесинде калмакчы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here