Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медицина кызматкери каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн брифингде айтты. «Беш медицина кызматкери каза болду. Анын ичинен төртөө дарыгер жана бирөө медициналык кызматкер. Коронавируска кабылган дарыгерлердин саны өсүүдө. Себеби алар күнү-түнү иштеп жаткандыгына байланыштуу иммунитети төмөндөп, ооруну көп жуктуруп алып жатышат. Адамда иммунитет алсыз болсо оору бат жугат. Дарыгерлер дагы адам да. Алар күнү-түнү элди кабыл алып дарылап жатышат. Бул дагы иммунитеттин төмөндөшүнө алып келет», — деди Акматова.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here