Бүгүн, 13-июлда эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова COVID-19 вирусун дарылоодо кайсы дары-дармектерди колдонбоо керектигин айтып берди.

Брифингде коронавирустан дарылануу үчүн айрымдар С гепатитин дарылоого арналган дарыларды жана колго жасалган концентраторлорду колдонуп жатканы айтылды.

«Ооба, бүгүнкү күндө эл жана бейтаптар вирустан коргонуу же андан дарылануу үчүн интернеттен алган же достору, тааныштары сунуштаган рецептерди колдонуп жатышат. Тилекке каршы өз алдынча антибиотик, гормондук дарылар, гепатиттин дарылары менен дарылануу кесепеттерге алып келет. Биз аларды колдонууну сунуштабайбыз. Абалды көзөмөлдөп, ооруканага жатууну (энтигүү, бат-баттан дем алуу) кечиктирбеш керек», — деди ал.

Акматова кошумчалагандай, аталган дарыларды колдонуу бейтапты ооруканага жаткырууда жаман натыйжага алып келиши мүмкүн. Себеби бейтаптын өмүрүнө коркунуч келтирген кесепеттер болушу ыктымал.

«Биз 4 муундагы антибиотиктер колдонулуп жатканын угуудабыз. Бул да бейтаптын абалын начарлатып, дарылоо процессин татаалдантышы мүмкүн», — деди ал.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here