Баштапкы эсептөөлөр боюнча 2020-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 228 миллиард сомдон ашты. 2019-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 5,3% төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Маалыматка караганда, «Кумтөр» алтын кенин эсепке албаганда, алты айдагы ИДӨнүн көлөмү 196 миллиард сомду түзүп, 6,9% азайды.

Өкмөт коронавируска байланыштуу экономикадагы каатчылыктын терс таасирлерин эсептеп чыгып, быйыл ички дүң өнүм 5-7 % артка кетерин мойнуна алган. Экономика министрлигинин баасында пандемиянын кесепети келерки жылдары да сезилет.

Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсебинде, 2019-жылы Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ) 590 млрд. сомдон ашкан. Экономика министрлиги болжогондой артка кетүү болсо бул көрсөткүч 2020-жылы 530-550 млрд. сомду түзүшү мүмкүн.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here