Бишкек шаардык милициясынын 102 кызматына 11-июнь саат таңкы 5:30 чамаларында Нарвская көчөсүндөгү үйдүн жашоочусу каракталганы боюнча кабар түшкөн.

Окуя болгон жерге Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам-оперативдүү тобу келип, Л.Ф аттуу жарандан жазуу түрүндө арыз алышкан. Милициянын маалыматына ылайык, арызда ал жаран 11-июлда саат таңкы төрт чамаларында 20-30 жаштагы белгисиз кишилер үйдүн 1-кабатындагы терезени талкалап кирип, күч колдонуп анын жана Д.Б аттуу күйөөсүнүн колун байлап баштыктагы жана 2-кабаттагы сейфтеги акчасын алып кетишкен. Арыз жазган аялдын күйөөсү карактоонун кесепетинен көз жумган.

Учурда каракталган акчанын суммасы такталып жатат. Ал эми кылмышка шектүүлөрдү тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иш-аракеттер уланууда. 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here