Жумгал районунда 59 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу райондук штабдан кабарланды.

Аймакты кабарчыга белгилүү болгондой, аталган киши Бишкек шаарындагы ооруканаларда орун жетишсиз болгондуктан 3-июлда Жумгал районунун Чаек айылына эжесиникине келген. Андан соң райондук аймактык ооруканага жеткирилген.

Райондук аймактык оорукананын башкы директорунун орун басары Салтанат Султанованын айтымында, бейтап үйүндө өз алдынча 12 күн дарыланып жатып, оору өтүшүп кеткенде келген.

«Маркум оор абалда келди. Өпкөсүнүн көп бөлүгү жабыркаптыр. Бишкек шаарында үйүндө 12 күн дарыланып, оору өтүшкөндө араң жолго чыккан экен. Бизде 9-июлга чейин болуп, ошол күнү каза болду», — деди Салтанат Султанова.

Учурда райондук аймактык ооруканада орун калган жок. Пневмония дарты менен ооруган жарандар дарыланып жатышат.
.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here