Балыкчы—Кочкор жолундагы 2 унаанын кагышуусунан бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү каза болду. Маалыматты Ысык-Көл ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү тастыктады.

Кечээ, 9-июль күнү саат 10:00 чамасында Балыкчы—Кочкор жолунун 4-чакырымында, тактап айтканда Нарын облусунун кире беришинде «Фольксваген Пассат» унаасы менен «Шакман» оор жүк ташуучу унаасы кагышкан. Оор жүк ташуучу унаа бурулуп жатканда артынан «Фольксваген Пассат» унаасы сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу — 1974-жылы туулган А.К., анын 1978-жылы туулган жубайы Р.Д. жана 2008-жылы туулган уулу А.Н. каза болгон.

Жубайлардын унаадагы калган 3 баласы (2012-жылы туулган кыз жана 2004-жылы, 2006-жылы туулган балдар ) Балыкчы шаардык ооруканасына жеткирилген.

Кырсыкка кабылгандардын баары Балыкчы шаарынын тургундары.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу 1960-жылы туулган Ж.К. экендиги белгилүү болду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here